Өлкөнүн энергетика тармагындагы карызы 102 миллиард сомго чыкты. Бул тууралуу премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Жогорку Кеңештин көпчүлүк коалициясынын жыйынында билдирген.
Анын айтымында, бул мамлекеттик бюджеттин жарымынан көбүн түзөт. "Быйыл биз бул карыздын 4 миллиард 6 миллион сомун төлөшүбүз керек. Ал эми карыз төлөөнүн чокусу 2025-жылга туура келип, 10 миллиард 3 миллион сомго чыгат. Бул өлкөнүн экономикасына эң чоң оорчулукту алып келип, казынабызга чоң жүк түшүрөт", - дейт Абылгазиев.