Эл аралык сынакка Кыргыз жеринен барган 13 жаштагы Акылбек Саламатов алтын медаль утуп алды

13 жаштагы Акылбек Саламатов Казакстанда өткөн Infomatrix-2019 эл аралык сынагында Робототехника категориясында жеңишке жетти. Бул тууралуу SUPER.KG порталына анын агасы Бекжан Бектуров билдирди.

Белгилүү болгондой, сынак 9-14-апрель күндөрү Алматы шаарында өттү. Ага Гонконг, Түркмөнстан, Тажикстан, Казакстан, Ирак, Өзбекстан, Азербайжан жана Кыргыз өлкөсүнөн 514 адам катышты. Кыргыз жеринен барган окуучулардын 93ү финалдык мелдештерге катышты.

Акылбек Саламатов алтын медаль жана Казак-Британия Техникалык университетинде билим алууга грант утуп алды. Ал учурда Европада өтө турган сынакка даярданып жатат.

Infomatrix сынагы Казакстанда алтынчы ирет өтүп жатат. Ага чет өлкөлөрдөн IT тармагына кызыккандар келип катышат. Сынак робототехника, программалоо, компьютердик графика, жабдууну башкаруу системи, дрон-рейсинг, кыска метраждуу тасма категориялары боюнча өткөрүлөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
talas0707
2019-04-15 10:52:07
Азамат!
+1
BarsBaatyr
2019-04-15 11:53:59
Куттуктайбыз! Ийгилик каалайбыз!
0
Kairat1996
2019-04-15 12:04:55
Азаматсынар. Азыр билимдин заманы. Билимге гана ишениш керек. Асмандан эч нерсе умут кылбаш керек. Алма быш, озума туш, кудай берет деп асманды тиктебей, билим жана эмгек кылыш керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан