Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын жарыялаган. Ал күнү экс-депутат өлкөгө келбей калганын жарыялады. "Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын штабдан айтышты", - деди Бабанов.
SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялар, ага карата козголгон иштер саясий куугунтук экенине далил боло алабы?" деген соболуна экс-депутат Равшан Жээнбеков жооп берди.
Равшан Жээнбеков өзүнө карата саясий куугунтук болуп жатканын Өмүрбек Бабанов өзү айтышы керек деген пикирин айтты. "Адатта саясий куугунтук деп эки багытта айтылышы керек. Биринчиси сөзсүз түрдө өзү айтышы керек. "Мен саясатчымын, мага карата саясий куугунтук болуп жатат. Саясий көз карашыма, менин ишкерлигиме, кандайдыр бир деңгээлде бийликке коркунуч жаратканыма жараша мага ушундай куугунтук болуп жатат" деп айтышы керек. Тилекке каршы, ал жөнүндө өзү эч нерсе айтпай жатат. Бирок сырттан караган адамга саясатчы катарында мен саясий куугунтук болуп жатат деп айтаар элем. Анткени мурда президентке оппонент болгон, президенттикке талапкер болгон адамга карата анын ишкерлигине, саясий көз карашына жараша бийлик тараптан болуп жаткан нерселердин баарын саясий куугунтук деп айтса болот", - деди Жээнбеков.
Мындан сырткары Өмүрбек Бабановдун окуясы кейс катарында, буга чейин көп байкалбаган бийликтин эволюциясына жана трансформациясына байланышкан маанилүү процесстерди жана көрсөткүчтөрдү ачыкка чыгарганын айтты.
"Биздин жаңы келген бийлик буга чейин биз Атамбаевдей, Бакиевдей, Акаевдей эмеспиз. Биз адам укуктарын коргойбуз. Саясий оппоненттерди, демократиялык баалуулуктарды сыйлайбыз деген белгилерди коомго берип келген. Бирок кечээги Бабановдун окуясын көрдүк. Азыркы бийлик жалпысынан мурдагылардан айырмасы жок. Бардык укук коргоо органдарын КГБны, каржы полициясын, милицияны, керек болсо армияны БТРди көчөгө чыгарып "Биз бийлигибизди керек болсо бардык күч менен колдонгонго, коргогонго даярбыз" деген белги берди. Бийлик демократиялык багытта өнүгөбүз, тынч митингдерди, сөз эркиндигин сыйлайбыз деп келген. Кечээги окуяда мэрлер, губернаторлор колдорунан келишинче митингдерди ар кандай шылтоолор менен өткөртпөгөнгө сунуш менен коомго, бийликке кайрылышты. Бийлик оппоненттерин кайрадан басканга аракет кыла баштады. Мына ушундан кийин бийликтин коомго берип жаткан белгиси бузулду", - деп кошумчалады Равшан Жээнбеков.
Депутат Жанар Акаев, мурдагы элчи Кылычбек Султан, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий эксперт Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.