Мурдагы элчи Кылычбек Султан: "Түшүнгөн адамга Өмүрбек Бабанов саясий куугунтуктун курмандыгы болгону даана көрүнүп турат"

Экс-депутат Өмүрбек Бабанов 2017-жылы президенттик шайлоодон кийин дарылануу үчүн өлкөдөн чыгып кеткен боюнча кайтып келе элек. Ал чет өлкөдө жүргөн кезде ага карата 2 кылмыш иши козголгон. Бабанов социалдык түйүндөгү баракчасына 13-апрелде саат 14:50дө "Манас" аэропортуна келип коно турганын жарыялаган. Ал күнү экс-депутат өлкөгө келбей калганын жарыялады. "Бүгүнкү күнү мени тосуу үчүн уюштурулган тынчтык митингинде үчүнчү күчтөр даярданып жатканын штабдан айтышты", - деди Бабанов.

SUPER.KG порталынын "Өмүрбек Бабановго байланыштуу соңку окуялар, ага карата козголгон иштер саясий куугунтук экенине далил боло алабы?" деген соболуна мурдагы элчи Кылычбек Султан жооп берди.

Анын пикиринде, саясий куугунтуктун башында тургандар, ошондой эле кезинде буга кайдыгер караган саясий элита да келечекте куугунтукка кабыларын тарых далилдеп койду. "Түшүнгөн адамга Өмүрбек Бабанов саясий куугунтуктун курмандыгы болгону даана көрүнүп турат. Анын 2017-жылдагы президенттик шайлоодо ошол кездеги жана учурдагы бийликке негизги атаандаш болгонун эске алганда, бул куугунтук өзүнүн катаалдыгы жана жапайылыгы боюнча Өмүрбек Текебаевге болгон куугунтуктан кем калышпайт.

Баса белгилеп кетүүчү нерсе, мындай куугунтуктар Акаевдин мезгилинен бери эле болуп келе жатат жана мындай наадандык иштердин токтой турган түрү жок. Бирок саясий куугунтуктун башында тургандар, ошондой эле кезинде буга кайдыгер караган саясий элита да келечекте куугунтукка кабыларын тарых далилдеп койду.

Эң аянычтуусу, мындай иштердин эбегейсиз чоң запкысы эр-жигиттерин коргой албаган элге, мамлекетке тиет", - дейт Кылычбек Султан.

Депутат Жанар Акаев, экс-депутат Равшан Жээнбеков, саясий илимдердин доктору Жолборс Жоробеков, коомдук ишмер Төлөгөн Келдибаев, саясий эксперт Игорь Шестаковдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан