ePassport жаңжалы боюнча Мамкаттоо кызматынын жана "Инфокомдун" жетекчилери кармалганы айтылды

Мамлекеттик каттоо кызматынын жана "Инфоком" мамлекеттик ишканасынын жетекчилиги кармалды деп жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыгышты.

Маалым болгондой, "Инфокомдун" башчысы Талант Абдуллаев, Мамлекеттик каттоо кызматынын башчысынын орун басары Русланбек Сарыбаев жана статс-катчысы Данияр Бакчиев УКМКнын тергөө абагына отургузулду. Сарыбаев биометрикалык паспорт үчүн бланк даярдоого жарыяланган тендерди жетектеп турган.

УКМКнын басма сөз кызматы SUPER.KG порталына бул тууралуу кеңири маалыматты кийинчерээк берерин убадалады.

Буга чейин Мамлекеттик каттоо кызматынын кызматкерлери биометрикалык паспорттор үчүн бланктарды сатып алуудагы сынакта мыйзам талабын бузуу фактылары аныкталганы маалымдалган. "Тергөөнүн жүрүшүндө такталгандай, кызматкерлер өздөрүнө тыгыз байланышы бар компаниянын кызыкчылыгы үчүн мамлекеттик сатып алуулар боюнча өлкө мыйзамдарын бузуу менен мамлекеттик каражатты үнөмдөбөстөн, аларды колдонуунун үнөмдүүлүгүн жана эффективдүүлүгүн камсыздаган эмес. Анын жыйынтыгында, сынакка катышуучулардын бири уткан компаниядан 253 миллион сомго арзан бааны сунуштаганына карабастан, "тендердик документтери шайкеш келбейт" деген шылтоо менен сынактан четтетилген", - деп жазган УКМК.

Кыргыз жарандарынын жаңы муундагы (ePassport) - жалпы жарандык, дипломаттык жана кызматтык жаңы паспорттордун бланктарын сатып алууга тендер өткөрүлүп, аны литвалык "Гарсу пасаулис" компаниясы утуп алган. Бул бланктарды сатып алуу үчүн тендерде 1 миллиард 2 миллион сом сунушталган. Ага катышкан "Muhlbauer ID Services GmbH" компаниясы 686,7 миллион сом, "Veridos GmbH" 936,3 миллион сом, "Гарсу пасаулис" 940,1 миллион сом, "IDEMIA France SAS" компаниясы 948,7 миллион сом сунуштаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
shankol88
2019-04-16 12:12:01
Аллазым жегенине жараша жазаасын берсин....
0
Nursbaike
2019-04-16 19:12:13
Жапжаш коррупционерлер, уурулар,озунорчо Мен кызматта Иштейм деп анча мынчасын менсинбей журдунорда дос классташтарынардын арасында Чындыгында тачка туртуп иштегендер бийик силерден арам тамактар .
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан