Депутат: "Отчётту көпчүлүк коалиция уккандан кийин өкмөт мүчөлөрү жайбаракат болуп калышты"

Парламенттин Транспорт, коммуникациялар, архитектура жана курулуш боюнча комитети 16-апрелде өкмөттүн отчётун угуп жатат. Жыйында вице-премьер-министр Кубатбек Боронов баяндама жасады.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Улугбек Ормонов өкмөт аткарбаган иштерди белгилеп өттү.

"Отчётту Жогорку Кеңештеги көпчүлүк коалиция уккандан кийин өкмөт мүчөлөрү жайбаракат болуп алышты. Мен кайталап айта берип тилим тешилди.Өзгөндөгү, Чоң-Алайдагы табигый кырсыктын кесепеттери дале жоюла элек. Суу маселеси турат, мектеп оңдоп-түзөөдөн өтө элек. Бул иштер качан бүтөт?", - деди депутат.

Вице-премьер жаратылыш кырсыктарынан жабыркаган объектилер боюнча маселе бар экенин айтты. "Конуштарга сугат суу жеткирүү боюнча маселе калды. Калганы, буюрса, бүтүп калды. Ал эми социалдык объекттерден 15 имарат бүтө элек. Сиз айткандар көңүл бура турган маселе. Жалал-Абаддагы жаңы конуштарга суу жеткирүү көйгөйү да маанилүү маселе", - деди Боронов.

Бул боюнча депутат "Суу менен камсыз кылуу департаментинин башчысы "конуштарга сугат сууну жеткирбесем иштен кетем" деген эле. Андан бери эки жылдан ашык убакыт өттү. Иш бүткөн жок. Мен Жогорку Кеңештин жыйынында эле "бүтүрө албайсың" деп айткам", - деди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан