Эки жыл мурун январь айында түркиялык компаниянын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.
Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов учурда кырсык боюнча тергөө жаңыдан башталганын эле айтып, азырынча эч кандай кенен маалымат бере алышпай турганын билдирди.
Дача-СУга Боинг кулаган кырсык кезинде Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер жана комиссиянын төрагасы болуп турган. Алардын ушундай кызматтарды ээлеп турганы азыркы тапта чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк береби?
SUPER.KG порталынын "Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова жооп берди. Ал Атамбаевди убакыт өзү актап жатат деген пикирде.
"Тескерисинче ушул 3 адам дыкат иликтөөдө эң кызыкдар болушу керек эле. Коомчулукта Дача-СУ боюнча Атамбаевге көбүрөөк доомат айтылганы менен, анын кеткенине бир жарым жыл болду, расмий жыйынтык чыга элек. Демек, Атамбаевди убакыт өзү актап жатат. Балким, ошол кездеги бийликтин тиешеси болбогондур, анда коомчулукка ынанымдуу иликтөөнүн жыйынтыктары жеткирилиши керек", - дейт Салянова.
Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, юрист Азиз Канатбек, жарандык активисттер Аманбол Бабакулов, Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.