Жарандык активист Аманбол Бабакулов: "Дача-СУга кулаган жүккө Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болушу мүмкүн"

Эки жыл мурун январь айында түркиялык компаниянын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.

Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов учурда кырсык боюнча тергөө жаңыдан башталганын эле айтып, азырынча эч кандай кенен маалымат бере алышпай турганын билдирди.

Дача-СУга Боинг кулаган кырсык кезинде Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер жана комиссиянын төрагасы болуп турган. Алардын ушундай кызматтарды ээлеп турганы азыркы тапта чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк береби?

SUPER.KG порталынын "Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?" деген соболуна жарандык активист Аманбол Бабакулов жооп берди.

Анын айтымында, азыркы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев авиакырсык тууралуу бардык маалыматка ээ. "Дача-СУга Боинг учагы кулап, кырсыктан каза болгондордун кыркы өткөндөн кийин биз активисттер ошол жерде эл менен сүйлөшүп митингдерди өткөргөнбүз. Учурдагы премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев авиакырсыктын кесепетин жоюу боюнча комиссиянын башында турган. Ал “жүктүн ээси белгилүү болсо, ачык айтабыз” деп элге сөз берген. Учактын кулаганына 2 жылдан ашты, Абылгазиев өкмөт башчылыкка келди, анын ыйгарым укуктары чоң, бирок жүк кимдики экенин айтпай жатат. Эгер кызыкчылыгы болбогондо, баары дароо ачыкка чыкмак. Сырдуу нерселер калды. Азыр “тергөөнү улантып жатабыз" дегени бул жөн эле шоу жана элди алаксытуу аракети.

Учурда президент менен экс-президенттин ортосунда тиреш болуп жатканына бир жылдан ашты. Учактагы жүк Атамбаевдики болгондо, Жээнбеков же анын тарапташы Абылгазиев айтып чыкмак. Абылгазиев баарын ийне-жибине чейин билет. Бул маселеде чоң саясат жатат. Жүк түздөн-түз Атамбаевдики эмес, Орусияда жана Кытайда аткезчилик менен алектенген адамдардын, Бажы кызматынын башчысынын мурдагы орун басары Райымбек Матраимовдун да тиешеси бар болушу мүмкүн. Эгер Абылгазиев жүк тууралуу маалыматтарды ачыкка чыгарып баштаса, көп адамдардын кулактары көрүнүп калат”, - деди Бабакулов.

Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Өндүрүш Токтонасыровдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан