Эки жыл мурун январь айында түркиялык компаниянын Боинг-747 учагы Чүй облусунун Курулуш башкармалыгынын дачалары (Дача-СУ) аймагына кулаган. Кырсыктан 35 жергиликтүү тургун, 4 экипаж мүчөсү каза болгон жана бир канча турак үй кыйраган.
Бүгүн Жогорку Кеңештин комитет жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов учурда кырсык боюнча тергөө жаңыдан башталганын эле айтып, азырынча эч кандай кенен маалымат бере алышпай турганын билдирди.
Дача-СУга Боинг кулаган кырсык кезинде Алмазбек Атамбаев президент, Сооронбай Жээнбеков премьер-министр, Мухаммедкалый Абылгазиев вице-премьер жана комиссиянын төрагасы болуп турган. Алардын ушундай кызматтарды ээлеп турганы азыркы тапта чындыкты билүүгө мүмкүнчүлүк береби?
SUPER.KG порталынын "Дача-СУ аймагындагы авиакырсык боюнча эмнеге ушул күнгө чейин чекит коюлбай келе жатат?" деген соболуна жарандык активист Өндүрүш Токтонасыров жооп берди.
Ал мамлекеттик чиновниктердин Дача-СУдагы окуя боюнча маалыматтары бар деген пикирде. "Алардын бул тууралуу билбейбиз дегени бул жомок, окуяны татаалдаштырат. Ушул убакытка чейин трагедиянын ачылбай жатканынын бирден-бир себептери алар өз ара ичтен сүйлөшүп алгандай сезилет. 39 адамдын өмүрү оюнчук эмес да. Бул арбактарды сыйлабагандык. Биз чурулдап жүрө бербей чечкиндүү кадамдарга барып, туура талаптарды коюушубуз керек. Эмнеге чогулуп митинг өткөрбөйбүз? Биз убагында жарандык активисттер бул маселе боюнча митингге чыкканбыз. Кысым көрсөтүүлөр болгон. Дача-СУ боюнча чекит коюуну азыркы бийликтен талап кылышыбыз керек", - дейт Токтонасыров.
Жогорку Кеңештин экс-депутаты Аида Салянова, Биринчи Май районунун акиминин орун басары Мавлян Аскарбеков, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, юрист Канатбек Азиз, жарандык активист Аманбол Бабакуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.