Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов Жогорку Кеңештин депутаттарына эң коррупциялашкан мамлекеттик мекемелерди атады.
Ал Башкы прокуратуранын анализине таянып, мекемелер төмөнкүдөй тизмеде жайгашканын айтты.
Жамшитов Мамлекеттик сатып алуулар да өлкөдөгү эң коррупциялашкан тармак экенине токтолуп, аталган кызматта коррупциялык көрүнүштөр жана схемалар көп экенин белгиледи.
Депутат Жанар Акаев эмнеге бул тизмеде Бажы кызматы, Башкы прокуратура жана Экономикалык кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча мамлекеттик кызматы жок экенин сурады. "Эң коррупциялашкан мамлекеттик органдар жанагы эле 10 миң сом айлык алып иштеген милиция, дарыгерлер, мугалимдер иштеген мекемелер болууда. Ал эми көчөдөгү элдин пикири башкача болуп жатпайбы", - деди депутат.
Буга башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов: "Бул тизме бизге түшкөн арыз-даттануулардын, пландык текшерүүлөрдүн негизинде мыйзам бузуучулуктар аныкталган соң ошонун негизинде талданган маалыматка ылайык чыгарылган", - деп жооп берди.