Депутат башкы прокурорго: "Өлкөдө уюшулган кылмыштуу мафиялык клан бар экенин президенттен уктук. Кандай иш жүрүүдө?"

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов отчёт берүүдө. Анда депутат Зарылбек Рысалиев ага төмөнкүдөй суроо берди.

"Жакында эле президент Жогорку Кеңештин жыйынына келип сүйлөгөндө уюшулган кылмыштуу мафиялык клан тууралуу айтты. Демек, Кыргыз өлкөсүндө мафия пайда болуптур. Президенттин бул сөзүнөн кийин тергөө тобу түзүлдүбү?" - деп сурады депутат.

Буга башкы прокурор: "Бул боюнча тергөө тобу түзүлгөн жок. Бардык көзөмөлдөө иштери боюнча тийиштүү тергөө топтору бар", - деп жооп берди.

Рысалиев бул боюнча иш баштоо керектигин айтты. "Президент "мафиялык топ түзүлдү, бийликке кысым көрсөтүп жатат" деп айтып жатпайбы. Ушуга атайын мекемелер аралык топ түзүп, текшерүү жүргүзүп коюңуздарчы", - деп өтүндү депутат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан