Учурда интернеттеги социалдык тармактарында "мурдагы баш прокурор Индира Жолдубаева Атамбаев Дача-СУдагы авиакырсык боюнча бардык далилдерди жок кылганын айтты" деген маалымат тарап жатат. КСДП бул маалымат чындыкка дал келбей турганын билдирди.
"Мындай болгон эмес жана болушу да мүмкүн эмес. Биз Индира Жолдубаева менен байланыштык. Ал бул маалыматты четке какты.
Экинчиден, экс-президент Алмазбек Атамбаев эгер Дача-СУга кулаган учакта анын же үй-бүлөсүнүн 1 грамм жүгү болсо, Түркиянын атайын кызматтары же Ак Үйдөгү атаандаштар мурда эле муну жарыяламак деп бир нече жолу айткан.
Үчүнчүдөн, саясий күрөш жалган-жалаа жана такталбаган фейк маалыматтарды таратуу менен жүрүп жатканы өкүнүчтүү", - деп айтылат КСДПнын билдирүүсүндө.