Депутат жарандарга кылмыш ишти мыйзамсыз ачкан кызматкерлерге кандай чара көрүлгөнүнө кызыкты

Бүгүн, 17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында Башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов өлкөдөгү мыйзамдуулуктун абалы жөнүндө жана аны чыңдоо боюнча прокуратура органдары тарабынан аткарылган иштер тууралуу отчёт берүүдө.

Депутат Махабат Мавлянова жарандарга карата кылмыш иштерин мыйзамсыз ачкан укук коргоо кызматкерлери боюнча кандай иштер жүргүзүлүп жатканына кызыкты.

"Депутаттарга кайрылуулар көп келип түшөт. Айрым жарандарга кылмыш иштери мыйзамсыз козголуп жатканын биз дагы жакшы билебиз, сиз деле жакшы билесиз. Жарандарга мыйзамсыз кылмыш иштерин козгогон кызматкерлерге карата кандай чаралар көрүлөт?" - деди Мавлянова.

Буга башкы прокурор Жаӊы кодекстерде "мыйзамсыз козголгон кылмыш иши" деген түшүнүк жок, тергөөчү бир сутканын ичинде кылмыш ишин Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катташы керек деди.

"Бул багытта жоопкерчиликсиз кызматкерлерге карата тийиштүү чаралар көрүлүүдө. Сот тарабынан актоо чечимдери чыгарылган кылмыш иштери дароо кайра каралып, ал маселе коллегияда талкууга алынып турат. Өткөн жылы 84 кылмыш иши боюнча 108 адам акталган. Бул көрсөткүч 2017-жылга салыштырмалуу кыйла аз. Ал эми мыйзамсыз 1 кылмыш иши козголуп, бул боюнча азыр тергөө амалдары жүрүүдө", - деди Жамшитов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан