"Ош базарындагы" "Берекет универсал" базарында соодагерлер менен күзөт кызматкерлеринин ортосунда жаңжал чыкты. Бул тууралуу "Спутник" агенттиги жазып чыкты.
Маалыматка ылайык, жаңжал бүгүн, 17-апрелде саат 18:00 чамасында болгон. Чатакташуу соодагерлер күзөтчүлөргө базарды кайтартпайбыз деген чечиминен улам келип чыккан.
"3 күн мурун күзөтчүлөр базарды кайтарбай, өзүбүз 30 чакты адам чогулуп, кезектешип кайтарып жатканбыз. Бүгүн күзөтчүлөр кайра келип кайтармакчы болушууда. Биз алардын кетишин талап кылып жатабыз. Анткени алар түнү менен дарбазаларга бетон куюп, базарга кирген жолду бөгөп салышат деп уктук", - деп билдирген соодаргер.
Буга чейин, "Берекет универсал" кичи базарын жаап, ал жерге соода комплексин куруу пландалып жаткан. Буга соодагерлер каршы болуп, митингге чыгышкан. Алар "базар жабылса кайда барабыз?" деп нааразычылыктарын билдиришкен.