Ысык-Көлдүн Чолпон-Ата шаарында “Оймо” фестивалы өтүүдө. Ага 10 мамлекеттен 120дай кол өнөрчү катышууда. Кыргызстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Ооганстан, Индия сыяктуу мамлекеттердин өкүлдөрү жибектен, жыгачтан, шурудан, керамикадан жасалган сувенир буюмдарын, улуттук калоритти камтыган саркеч кийимдерин көргөзмөгө коюшту.
“Бул фестивалдын кучагы кеңейүүдө. Быйыл Бишкек шаарында дүйнөлүк кол өнөрчүлөр кеңешинин 17 мүчөсү катышкан отурум болду. Эки жылдан бери фестивалдын программасына каада-салттык элементтерди кошуудабыз. Эми жергебизге келген туристтер жөн гана өзүнө жаккан буюмдарды сатып албастан, улутубуздун жоголуп бараткан үрп-адаттары менен да тааныша алышат”,- дейт фестивалдын уюштуруучуларынын бири Жеңишгүл Өзүбекова.
Айта кетсек, "Оймо" фестивалы быйылкы жылды кошкондо 8-жолу өткөрүлүп жатат.