Башкы прокурор УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы Конституцияда көрсөтүлбөгөнүн айтты

17-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында башкы прокурор Өткүрбек Жамшитов былтыркы жыл ичиндеги ишмердүүлүгү тууралуу маалымат берип, жыйынтыгында бул отчёт 109 депутаттын добушу менен жактырылды.

Жыйындын жүрүшүндө депутат Исхак Масалиев УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын мыйзамдуулугу боюнча маселе көтөрдү. "Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы президенттин буйругу менен түзүлгөн. Мыйзамга дал келеби, бул нерсе мыйзамдуубу?" - деп сурады депутат.

Буга башкы прокурор: "Бүгүнкү күндө иштеп жатат, буйрук күчүндө аны эч ким бузган жок", - деп жооп берди.

Масалиев аталган орган өзүнүн чектелген укугунан ашып чыкпашы керектигин айтты. "Конституциянын 5-беренесине ылайык, бир да орган өзүнүн чектелген укугунан ашып чыкпашы зарыл. Бул кызмат буйруктун негизинде чыккан. Иштеп жатканын көрүп жатам", - деди депутат.

Баш прокурор бул орган Конституцияда көрсөтүлбөгөнүн айтты. "Ал Конституцияда көрсөтүлгөн эмес, Конституцияда жок. Ошол себептен президенттин буйругунун негизинде кабыл алынган", - деди Жамшитов.

Жыйынтыгында депутат бул кызматты мыйзамдаштырып, буйруктун эмес, мыйзамдын негизинде коррупция менен күрөшүү кызматын түзүү керектигин сунуштады.

УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматы 2011-жылы ал кездеги президент Алмазбек Атамбаевдин буйругунун негизинде түзүлгөн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан