"Аткезчилик жол менен келген ундун 80 пайызы Казакстандан ташылып кирүүдө, өкмөттүн ата мекендик өндүрүшкө мындай мамиле жасаганы жакшылыкка алып барбайт", - деп бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында депутат Экмат Байбакпаев билдирди.
"Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүнө 500 миӊ тоннадан ашуун ун аткезчилик жол менен ташылып келүүдө. Мисалы, 2014-жылы ундун расмий импорт көлөмү 460 миӊ тонна болсо, 2018-жылы 78 миӊ тонна болгон. Акыркы мезгилде өлкөдө ун өндүрүү 3 эсе азайды, ал эми расмий импорт көлөмү мурдагы бойдон калууда. Ун өндүрүү тармагында иштеген 3 миӊден ашуун жараныбыз жумушсуз калды. Муну токтотпосо болбойт. Өкмөттүн өзүбүздүн өндүрүшкө мындай мамиле жасаганы жакшылыкка алып келбейт. Тегирмендерден бюджетке каражат түшпөй калды, салыкчылар акча таппай жүрүшөт. Биз өзүбүздүн эмес, Казакстандын экономикасын колдоп жатабыз. Чек араны тартипке салып, ата мекендик ун өндүрүүнү жолго салсак, мамлекеттик бюджетке миллиарддаган каражат түшмөк", - деди депутат.