Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргени маалымдалган. Анда "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. "Партиянын негиздөөчүсү" деген жерде Алмазбек Атамбаевдин ордуна "Физикалык жакка алмаштыргыла 1" деп турат. Ошондой эле партиянын дареги өзгөртүлгөн.
Бул боюнча бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештеги жыйында депутат Ирина Карамушкина пикирин билдирди. "Президент болууга жардам берген партияга ушундай мамиле болобу?" - деп суроо салды эл өкүлү.
"Мен бүгүн мурунку партиялашым, азыркы президент Сооронбай Шариповичке жана президенттин аппаратына кайрылгым келет. Силерден сурагым келген нерсе - биз эмне президенттик башкарууга өтүп жатабызбы? Бүгүнкү күндө Юстиция министрлигинин базасында КСДПнын жетекчиси деген жерде Алмазбек Атамбаев Сагынбек Абдрахмановго өзгөртүлгөн, мындан сырткары кеңсенин юридикалык дареги да алмаштырылган деген маалымат тарап жатат. Башка партияга болгон мындай мамилени буга чейин көргөн эмесмин. Президент болууга жардам берген, анын төрагасынын арты менен элдин ишенимин арттырып, мандат алган партияга ушундай мамиле болобу? Укуктук жактан жеңилип жатабызбы? Юстиция министрлигине кысым жасалып, ушул нерсе болуп жатат. Сагынбек Абдрахманов деген ким, ал өлкө үчүн эмне кылды? Тарыхтын алдында жооп берүүдөн коркпойсуңарбы?" - деди депутат.