Бүгүн, 18-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынына кечигип калган Экотехинспекциянын директору сөгүш алып, ал баяндама жасай турчу маселе талкуудан алынды.
Жыйында “Ишкердиктин субъекттерине текшерүүлөрдү жүргүзүүнүн тартиби жөнүндө” Кыргыз Республикасынын мыйзамына өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу” мыйзамдын долбоору биринчи окууда каралмак. Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору Жолдошбек Жунушев баяндама жасашы керек болчу.
Вице-спикер Мирлан Бакиров: "Баяндамачы барбы? Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору? Баяндамачы кайда? Урматтуу депутаттар, бул эмне Жогорку Кеңешке эркелеп жатабы? Аппарат, өкмөттүн өкүлү сиздерге эскертүү, өкмөт башчы директорго сөгүш берсин", - деди Бакиров.
Мындан кийин маселени күн тартибинен алып салуу сунушу киргизилип, 61 депутаттын добушу менен ал алынды. Бул учурда жыйынга Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясынын директору шашып кирип келди. Ал бир нече мүнөт отуруп, андан соң жыйындан чыгып кетти.