Экс-депутат Равшан Жээнбеков: "КСДПнын рейдерлик жол менен тартып алынып жатканы коомго ачык көрсөтүлүүдө"

Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.

SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна Жогорку Кеңештин экс-депутаты Равшан Жээнбеков жооп берди. Ал ар бир мамлекетте партиялардын саясатка аралашышы, алардын өнүгүүсү өзүнүн өзгөчөлүгүнө ээ экенине токтолду. "Мисалы демократиялык мамлекеттерде партия адам менен бириккен эмес. Партияга ким мүчө болсо дагы, негизги багыт партиянын аты-жөнү анын программасы болуп эсептелет. Ал эми Кыргыз мамлекетинде партия сөзсүз түрдө адам катарында кабыл алынып калган. Мисалы "КСДП" Атамбаев, "Ар-Намыс" партиясы Кулов, "Ата Мекен" Текебаев деген сыяктуу көрүнүш биздин коомдун аң-сезимине сиңип калган. Азыркы күндө мурдагы президенттин партиясынын тартылып алынып жатканы жана кээ бир укуктук маселелери тез аранын ичинде Юстиция министрлигинен каттоодон өткөнү, бийликтин кандайдыр бир деңгээлде жашыруун колдоосу менен болуп жатканы туура эмес көрүнүш болуп эсептелет. Бүгүнкү күндө бийлик, мамлекет кайсы бир адамдын партиясын рейдерлик жол менен тартып алып жаткан көрүнүшүн коомго ачык алып чыгып көрсөтүүдө", - дейт Жээнбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Ирина Карамушкина, Төрөбай Зулпукаров, экс-депутаттар Данияр Тербишалиев, Мээрбек Мискенбаев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, КСДПнын юристи Нурбек Касымбековдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан