КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков: "Кыргыз өлкөсүндө кантип партияны тартып алуу боюнча саясий рейдерликтин жаңы жолу ойлоп табылды"

Юстиция министрлиги КДСПнын төрагасы деп Сагынбек Абдрахмановго өзгөрткөнү белгилүү болду.

Сагынбек Абдрахманов "КСДП Атамбаевсиз" деген ураандын алдында өлкө аймактарында жыйындарды өткөргөн. 3-апрелде "КСДП Атамбаевсиз" кыймылы уюштурган КСДПнын курултайы өткөн. Анда саясий кеңештин мүчөлөрү катышпаган жыйында экс-президент Алмазбек Атамбаевдин партиядагы төрагалык ыйгарым укуктарынан ажыратуу маселеси бир добуштан колдоо таап, жаңы лидер болуп Сагынбек Абдрахманов шайланган.

SUPER.KG порталынын "КСДПнын талашка түшүшү бул рейдерликтин жаңы деңгээлге көтөрүлүшүбү?" деген соболуна КСДПнын юристи Нурбек Касымбеков жооп берди. Ал партиянын талашка түшкөнүн, Юстиция министрлиги Сагынбек Абдрахмановду жетекчи деп өзгөрткөнүн саясий рейдерлик деп сыпаттай турганын белгиледи.

"Кыргыз өлкөсүндө кантип партияны тартып алуу жөнүндөгү саясий рейдерликтин жаңы жолу ойлоп табылды. Биринчи кадамдары жалган съездди өткөрүп, жалган жетекчини реестрге киргизүү менен башталды. Партиянын төрагасы Алмазбек Атамбаевдин ордуна жалган лидер Сагынбек Абдрахмановду реестрге киргизип коюшпадыбы. Бул рейдерликтин жаңы жолу. Мурда бизнести тартып алышчу, азыр эми саясий-коомдук рейдерлик аракеттер пайда болду. Бул Кыргыз өлкөсүндөгү биринчи жолу партияны тартып алуу аракеттер", - деди Касымбеков.

Жогорку Кеңештин депутаттары Чыныбай Турсунбеков, Төрөбай Зулпукаров, Ирина Карамушкина экс-депутаттар Равшан Жээнбеков, Мээрбек Мискенбаев, Данияр Тербишалиев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукуловдун пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан