Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеӊеште 2020-2022-жылдарга карата Кыргыз Республикасынын Бюджеттик резолюциясы талкууланат. Бул тууралуу парламенттин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, коомдук талкууда 3 баяндама жасалат. Алардын темалары:
- "Кыргыз Республикасынын 2020-жылга Бюджеттик резолюциясы жана 2021-2022-жылдарга болжолунун долбоору жөнүндө". Баяндамачы Динар Турдумалиева, “Жарандардын катышуусу менен күчтүү парламенттик демократия” долбоорунун бюджет мыйзамдуулугу жана финансы боюнча эксперти.
- "Кыргыз Республикасында макроэкономикалык тренддер жана жергиликтүү бюджеттердин көйгөйлөрү". Баяндамачы Гурас Жапаров, Кыргыз Экономикалык университетинин Финансы жана кредит кафедрасынын башчысы.
- "Кыргыз Республикасынын финансы саясатынын айрым маселелери". Артем Краснов, Кыргыз-Орус Славян университетинин Финансы кафедрасынын доценти.
Коомдук талкуу саат 15:00гө дайындалды.