Депутат: "Электр энергиясы өзүбүздө өндүрүлөт, газды сатып алабыз. Эмне себептен мэрия газ менен жүргөн автобустарды сатып алды?"

Бүгүн, 19-апрелде Жогорку Кеңеште "Кыргызстан" фракциясынын жыйынында Бишкек жана Ош шаарындагы экологиялык абал боюнча маалымат угулууда. Жыйын учурунда депутат Руслан Чойбеков эмне себептен Бишкек шаардык мэриясы газ менен иштей турган автобустарды алып жатканына кызыкты.

"Биз газды сатып алабыз, ал эми электр энергиясын өзүбүз өндүрөбүз. Эмне себептен мэрия троллейбустарды сатып алган жок? Бул туура эмес чечим болгон деп ойлойм", - деди депутат.

Шаардык мэриянын аппарат жетекчиси Балбак Түлөбаев буга: "Газ менен иштеген автобуска караганда электр энергиясы менен иштеген транспорт кымбат турат. Бизге 350 миллион сом бөлүнгөн, бул акчага электр энергиясы менен иштеген 50 автобус же газ менен иштеген 60 автобус сатып ала алмакпыз. Биз саны көбүрөөгү туура болот деген ойго токтолдук. Анын үстүнө газ экологиялык жактан таза", - деди.

"Эң негизгиси элден аянбаш керек. Мен азыраак автобус алуу туура болмок деген ойго токтолом. Себеби газ алуу үчүн биз акчаны чет жакка берип жатабыз", - деди депутат.

Буга чейин шаардык мэрия 29-апрелде Бишкек шаарына газ менен жүргөн 69 автобус алынып келе турганы боюнча маалымат тараткан болчу.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан