Ысык-Көл облусунда жайкы сезонго аз калды. Кыргыз берметине жылдагыдай көптөгөн туристтердин келип эс алары күтүлүүдө. Муну менен өлкөнүн экономикасына салым кошулат. Бирок быйыл Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасындагы маалыматтар туристтерди качырышы мүмкүн. Бул маселе парламентте да көтөрүлүүдө.
SUPER.KG порталы "Ысык-Көлдө уран казылары сынга алынууда. Бул окуя туризмге терс таасирин тийгизбейби?" деген соболуна Жогорку Кеңештин депутаты Кожобек Рыспаев жооп берди. Ал уранды жаңы технологиялар менен казса болот деген пикирде.
"Урандан өлүп калабыз деп ызы-чууну көтөрбөй биринчи тиешелүү адистердин, экологдордун берген аныктамаларын алуу зарыл. Бул тема боюнча жакшы түшүнгөн, анын кесепетин же артыкчылыгын мыкты билген адистердин оюн угуу керек. Жаңы технологиялар менен, урандан зыян чыкпагандай кылып казса эмнеге болбойт? Ошондуктан түшүнбөй эле ызы-чуу кылуунун кереги жок.
"Бала бакча куруу, мугалимдердин айлыгын көтөрүү, пенсионерлердин пенсиясын көбөйтүү керек" деп кыйкырабыз, анан эч нерсе иштеткибиз келбесе акчаны кайдан алабыз? Туризм менен байып кете тургансып ызы-чуу болобуз, аны мамлекет өнүктүрүшү керек. Биз азыр кыйкырык-өкүрүктүн үстүндө эле болуп жатабыз. Мына азыркы учурда күйүүчү майдын баары аткезчилик жолу менен келип жатат, кыйкырбай андан көрө таза күйүүчү май колдонууга өтүү зарыл. "Урандан өлүп калабыз" дебей, күйүүчү майдын, ЖЭБдин абага бөлүп чыккан зыяндуу заттардын кесепетине көңүл буруу керек”, - деди Рыспаев.
Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Алтынбек Жунус уулу, "Жашылдар партиясынын" лидери Эркин Булекбаев, эколог Эмил Шүкүровдун пикири төмөнкү шилтемеде.