Эколог Эмил Шүкүров: "Ысык-Көлдө жаңы уран кенин казуу - бул түздөн-түз мыйзам бузуу"

Ысык-Көл облусунда жайкы сезонго аз калды. Кыргыз берметине жылдагыдай көптөгөн туристтердин келип эс алары күтүлүүдө. Муну менен өлкөнүн экономикасына салым кошулат. Бирок быйыл Ысык-Көлдөгү "Кызыл-Омпол" уран кенинин айланасындагы маалыматтар туристтерди качырышы мүмкүн. Бул маселе парламентте да көтөрүлүүдө.

SUPER.KG порталы "Ысык-Көлдө уран казылары сынга алынууда. Бул окуя туризмге терс таасирин тийгизбейби?" деген соболуна эколог Эмил Шүкүров жооп берди. Анын айтымында, уран кенин өндүрүүчүлөр элди алдап жатышат.

"Мыйзам боюнча, Ысык-Көл - бул биосфералык аймак, ошондуктан бул жерде кошумча тоо-кен иштерине тыюу салынган. Буга чейин казылган кендерде иштерди уланта берсе болот, ал эми жаңыларды иштетсе болбойт. Анткени эгер жаңы кен казыла баштаса, "биосфералык аймак" статусун бузуу болуп саналат. Бул түздөн-түз мыйзам бузуу.

Экинчиден, "уран башка жакка жеткирилет, мындан улам булгануу болбойт" деп айтып жатышат. Мунун баары жалган, анткени уранды алып ташууда кырсыктар болушу мүмкүн. Эгер кырсык болсо, айлана-чөйрө радиоактивдик заттар менен булганат. Кен казылып жатканда, алар урандын өлчөмү жогору породаларды гана алып кетишет. Ал эми калган радиоактивдик породалар калдык сактагычта жайгаштырылат. Бул радиоактивдик калдыктар кантип гана корголбосун, баары бир сууга жана абага жетет.

Эртели-кеч уран кенин иштетүү токтойт. Андан кийин Ысык-Көл радиоактивдүү булгануусу жогору аймакка айланат. Бул жерде өндүрүлгөн айыл чарба продукцияларына суроо-талап кескин азаят. Эс алуучулар да Ысык-Көлгө барбай калышат", - деди Шүкүров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Марлен Маматалиев, Алтынбек Жунус уулу, Кожобек Рыспаев, "Жашылдар партиясынын" лидери Эркин Булекбаевдин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан