КСДП партиясы Юстиция министрлигинин алдында "Адилетсиз министрлик" аталышындагы акция өткөрөт

22-апрелде КСДП партиясынын өкүлдөрү Юстиция министрлигинин имаратынын алдында "Адилетсиз министрлик" аталышындагы акция өткөрөт. Бул тууралуу SUPER.KG`ге партиянын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов кабарлады.

Анын айтымында, акцияга КСДПнын мүчөлөрүнөн башка жарандык активисттер, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышат.

"Буга чейин бир топ экономикалык объекттерди, жеке ишканаларды рейдерлик жол менен басып алуу орун алса, эми кезек саясий партияларга келип жетти. Бүгүн КСДПны басып алууга аракет кылып жатышса, эртең башка партиялар да курмандыкка чалынышы мүмкүн. Буга байланыштуу Юстиция министрлигинин имаратынын алдында акция уюштурууну чечтик. Анткени өлкөдөгү мыйзамдуулукту биринчи кезекте аталган министрлик сакташы керек эле. Тилекке каршы, Юстиция министрлиги мыйзамсыз иштерге жол берип жатат", - деди Турдукулов.

Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган.

18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан