реклама
super.kg logo

"7 айлык перзентибиз бул дүйнөнү көрбөй, бизди таштап кете берди". Журналист Мирбек Айтикеев дарыгерлердин шалаакылыгынан улам наристесин жоготконун айтты

 

Журналист, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Мирбек Айтикеев дарыгерлердин шалаакылыгынан улам дүйнөгө келе элек наристесин жоготконун өзүнүн социалдык тармактагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, кош бойлуу жубайы дарыгерлердин кароосунан өткөндө баары жакшы экенин айтышкан. Бирок 3 күндөн кийин жубайы өзүн начар сезип "Тез жардам" аркылуу ооруканага жеткирилип, бирок дарыгер бош эмес деген жүйө менен коридордо күттүрүп коюшкан.

"Келинчегим 14-апрелде кош бойлуулук мезгилине 7 ай болгондуктан пландуу кароодон өткөн. Анда дарыгерлер текшерип абалы жакшы, ичиндеги балабыздын өсүүсү, жүрөгүнүн согушу жайында экенин айткан. Келинчегимдин абалын да жакшы деп баалашкан. Ага мен өзүм күбө болгом. Анын эртеси Караколго жумуштар менен барып, жакшы эле жүргөн. 17-апрелде кечке жуук ичи ооруп "Тез жардам" чакырышкан. Текшерген дарыгерлер абалын оор деп баалап, облустук төрөтканага алып барышкан.

Ооруканага болжол менен 19:30дарда жеткирилген. Бирок ооруканада бир гана дарыгер болуп, ал бошобой жатат деген жүйө менен коридордо күттүрүп коюшкан. Ичи катуу ооруган келинчегиме мындай мамиле жасалып жаткандыктан өкмөттөгү тааныштарымдын бирине байланышып, көзөмөлүнө алып чара көрүүсүн сурандым. Акыры ал кишинин облус жетекчилигине байланышка чыгуусунан кийин гана кыймыл башталды. Болгондо дагы бир да дарыгер жок деп жаткан бөлүмгө, дарыгер, башкы дарыгер, бөлүм башчысына чейин жетип келишип, 22:30 чамасында дароо операция жасоо чечими кабыл алынган.

Келинчегим 2 литр кан жоготуп, араң эле калды. Түнү бою, эртеси кечке кан куюшту. 7 айлык перзентибиз болсо бул дүйнөнү көрбөй, ата-энесинин мээримине бөлөнбөй бизди таштап кете берди. Мен түнү бою жол жүрүп таңга маал Караколго бардым. Босогодон аттаар замат дарыгерлер чочулап, ар кайсыны айтып жатышканына күбө болдум. Белогу көп болуп кеткен турбайбы деп айтышты. Бирок 3 күн мурда текшерилгенде андай маселе жок эле.

Чынын айтсам соңку үч күндө дендароо болуп жүрдүм. Болору болду, ызы чуу чыгарганда эмне деп ойлондум. Бирок өз каныңдан жаралган баламды өз колум менен көтөрүп барып жерге жашыруудан өткөн азап жок экен. Башкаларга сабак болсун деп айтууну туура көрдүм. Бизде го тааныш бар экен. Эгерде андай болбогондо келинчегимдин абалы эмне болот эле деген суроо оюман кетпей койду", - деп жазган Айтикеев.

Журналист өз билдирүүсүндө салт боюнча чарчап калган баласына Үмүт деген ысым ыйгарганын кошумчалаган.

"Салт боюнча ат коюп жерге бердик. Бардык кайгы артта калсын. Ата-энелер биздей болуп боздобосун. Жан дүйнөсү эңшерилбесин деп атын Үмүт койдук.

Урматтуу министр мырза, өкмөт жетекчилиги канчага чейин карапайым эл жабыр тартышы керек? Качан адам өмүрү, ден соолугу баарынан бийик турган коом курабыз? Качан тааныш-билиши жок болсо да кор болбогон өлкөдө жашайбыз?" - деп жыйынтыктаган ал өз билдирүүсүн.

Жубайынын азыркы абалын билүү үчүн Мирбек Айтикеевге байланышканыбызда ал төмөнкүлөргө токтолду.

"Жубайым азыр деле жандандыруу бөлүмүндө болгону менен абалы бир топ жакшы. Мага өкмөттөн байланышка чыгышып, биздин окуя Саламаттыкты сактоо министрлигинин көзөмөлүндө болорун айтышты. Бирок дарыгерлер ар кайсы шылтоолорду айтып жатышат. Ошондуктан аларга карата чара көрүлөрүнө көп деле ишенген жокмун. Анын үстүнө келинчегим дагы деле ооруканада болгондуктан ызы-чуу чыгарбай эле коёлу деп чечтик", - деди Айтикеев.



 
 Рубрикадагы соңку кабарлар 

Урматтуу колдонуучу! Эгер сизде коомчулуктун көңүлүн буруп, талкууну талап кылган жаңылыгыӊыз болсо биз менен бөлүшүӊүз.
Рейтинг: Рейтинг -2 
Комментарийлер(14)
21.04.2019. 14:28 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
443
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
26-05-2019 21:14
Жынысы:
Белгисиз
-2
Кайрат кыласын эми ошол сенин таанышын бар экен а биз кудай деп эле жашап журобуз.Ошол тааныш билиш ти АШАдан сура ошол маалда ото ото онугуп кеткен .
21.04.2019. 17:21 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
341
Катталган:
20-12-2017
Соӊку аракети:
25-05-2019 10:37
Жынысы:
Белгисиз
-2
elchi84,
Ошол сен айткан тааныштык эки жуздуу Жээнбековтордун убагында да абдан онукту. Саткын Жээнбековтордун убагында эн жаман нерселер болуп жатат. Жээнбековтордон эл кутулмайн олкобуздо эч онугуу болбойт.
pat12 түзөттү 2019-04-21 17:24:49
21.04.2019. 18:04 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
258
Катталган:
11-08-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 19:01
Жынысы:
Белгисиз
+8
pat12,1000 сом акчасын алып, шайлап алып жүрө бергиле, качан кутулабыз деп,
21.04.2019. 22:07 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
11
Катталган:
01-02-2016
Соӊку аракети:
26-05-2019 03:43
Жынысы:
Белгисиз
0
Paprikafm,туура айттың,
21.04.2019. 18:38 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
443
Катталган:
09-11-2015
Соӊку аракети:
26-05-2019 21:14
Жынысы:
Белгисиз
+3
pat12,Саткын дейсин да сенин оюнча АШАнын созун угуп журо берейлиби ?
22.04.2019. 12:42 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
547
Катталган:
12-02-2018
Соӊку аракети:
24-05-2019 16:33
Жынысы:
Белгисиз
+1
pat12,Бул жерде Жээнбеков эмес дарыгерлердин шалаакылыгы себеп болду. Мышыгын өлүп калса да Жээнбеков күнөлүу болуп калабы. Атамбаев убагында коррупция болуп көрбөгөндөй өнүктү.
21.04.2019. 16:08 
Тайпасы:
Тартип бузгандар
Комментарийлердин саны:
64
Катталган:
18-07-2018
Соӊку аракети:
14-05-2019 11:07
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Баткен
-3
Окмотто иштеген таанышарына айт, дарыгерлердин айлык маянасын кобойткуло ошондо жакшы иштейт деп.
21.04.2019. 16:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
80
Катталган:
03-11-2011
Соӊку аракети:
26-05-2019 07:02
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Россия
+1
Жаткан жери жайлуу болсун.
21.04.2019. 18:31 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
226
Катталган:
12-03-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 22:10
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Чындык жашаган жер.
+6
Бизде дарыгер,гаи,сот,жакшы иштеш учун айлыгын кобойтуш керек деген тушунук бар да,ал туура эмес он мин сомго деле жашаса болот бирок азыр коптор андай жашагысы келбейт эки этаж тамы,кымбат машиналары бар врачтар коп,алкымды тыйыш керек да,адамга жардам беруу,Аллахтын раазычылыгы учун иштоо,сооп учун,акырети учун иштоо ойу жок болсо жуз мин айлык берсен деле тойбойт.
21.04.2019. 19:15 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
482
Катталган:
05-04-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 19:17
Жынысы:
Белгисиз
+2
Менин деле синдим 1-апрел куну толгоо тартып ноокаттагы раддомго барса ал жердегилер кыйла убакыт откоруп жиберишип синдимдин кызы ичинде эле чарчап калды.Кесирова менен торотобуз деп Ноокатта 2 Сааттай кармаптыр.Раддомго барганда баланын журогу согуп аткан экен.2 сааттан кийин баланын журогу бир согуп бир сокбой жатат дешип Ошко жиберишти.Ошонтип ортодо балада чарчап калды синдимда аябай кыйналып оз кучу менен тороду.Бешенеге жазылган ушул экен деп эле унчукбай эле отуруп калдык.
21.04.2019. 19:27 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
12
Катталган:
31-07-2017
Соӊку аракети:
26-05-2019 13:53
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Кара-Кулжа
+5
Кудайга тообо кылыныз тааныштарыныз бар экен.А таанышы жок карапайым калк ичтеги эмес,чуркап жургон ай мончоктой балдарынан ажырап,айыкпас ооруга чалдыкса да ушул меербан аттыккан адамдардын шалаакылыгынан унун кимге жеткизеерин билбей жургондор толтура,же алардын унун укчу бироо болсочу.Акене бар,уконо бар болуп иш жабылат.
21.04.2019. 23:09 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
72
Катталган:
01-05-2008
Соӊку аракети:
26-04-2019 23:47
Жынысы:
Белгисиз
Калаасы:
Бишкек
+1
азыр таанышын жок болсо торотканада сени карашбайт, ортого тааныш салып жатып аран карашат. Андан дагы мед.персоналдардын маянасын которгону менен коррупция ото кучоп кеткен. Оз наристенди коруш учун суйунчусун бересин, бул эмне деген шумдук. Дарыгерлер карапайым адамдарды акчага баалап калышкан. Чонтокторуно канчалык акча кобуроок салсан ошончолук алардын кыймыл-аракеттери да тезирээк болуп калат. Бул абдан окунучттуу
21.04.2019. 23:32 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
36
Катталган:
10-05-2012
Соӊку аракети:
26-05-2019 21:24
Жынысы:
Белгисиз
+1
Ушул бишкекти толтурган камераларды больница, мектеп, универлерге толтурса бираазда болсо коркушат беле оздору
22.04.2019. 13:00 
Тайпасы:
Жаран
Комментарийлердин саны:
48
Катталган:
02-01-2015
Соӊку аракети:
06-05-2019 14:00
Жынысы:
Белгисиз
0
Мирбек Айтикеев Атамбаевдин азыркы партиясынын тизмесинде алдынкы ондукта турат бул эргул кимдин адамы экенин билдинерда булардын максаты бугунуку бийлике эптеп каралоо жана Атамбаевди айландырып бийлике алып келуу
1
Комментарий калтыруу үчүн өз ысымыңыз менен кириңиз же каттоодон өтүңүз.
 
 
Бөлүмдүн статистикасы
соңку 15 мүнөт ичинде 0 колдонуучу (Катталган: 0, коноктор: 0) бул кабарды окуду:

Кабарлардын саны:
126856;
 
Маалымат-маанайшат порталы
2006-2019 © SUPER.KG
Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары,
Жибек Жолу проспектиси 381
SUPER.KG порталына жайгаштырылган материалдар жеке колдонууда гана уруксат.
Жалпыга таратуу SUPER.KG порталынын редакциясынын жазуу түрүндөгү уруксаты менен гана болушу мүмкүн.
Рейтинг@Mail.ru
Биз социалдык тармактарда: