Бүгүн, 22-апрелде КСДПнын өкүлдөрү Юстиция министрлигинин имаратынын алдында "Адилетсиз министрлик" деп аталган акция өткөрүшүүдө. Акцияга КСДПнын мүчөлөрүнөн башка жарандык активисттер, коомдук бирикмелердин өкүлдөрү катышууда.
Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. Партиянын саясий кеңеши буга нааразы болуп маалымат жыйын өткөргөн.
18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.