Депутат дыйкандарга берилүүчү насыя боюнча маалыматтар ачык болбой жатканын билдирди

Депутат Абылкайыр Узакбаев дыйкандарга берилүүчү насыя боюнча маалыматтар ачык болбой жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында билдирди.

Анын айтымында, айылдарда дыйкандардын 80 пайыздан ашууну насыя алат. “Дыйкандарга берилүүчү насыя шарт боюнча буга чейинки алган насыясы жок, малы 3-4төн ашык болбошу керек. Насыя боюнча дыйкандардын маалыматтары жок, ачык болбой жатат. 200 фермер насыя алуу үчүн кайрылса, анын 160ы алат”, - деди депутат.

Учурда жыйында "Кыргыз өкмөтү менен Эл аралык өнүктүрүү ассоциациясынын ортосундагы "Сүт секторунун өндүрүмдүүлүгүн комплекстүү жогорулатуу" долбоорун каржылоо жөнүндө макулдашууга өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүү тууралуу" мыйзам долбоору каралып жатат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан