Бүгүн, 22-апрелде Юстиция министрлигинин алдында КСДПнын митинги өтүүдө. Акциянын аталышы - "Адилетсиз министрлик".
Анын жүрүшүндө КСДПнын мүчөсү Адил Турдукулов митингчилердин алдына Юстиция министрлигинин бир да кызматкери чыкпаганына нааразычылыгын билдирди. "Алар биздин укуктарыбызды коргош керек, бирок эч кимисинин талаптарыбызды угайын деген ниети жок. Юстиция министри Марат Жаманкулов КСДПнын төрагасынын атын алмаштыруу боюнча мыйзамсыз жана Конституцияга каршы келген чечимди чыгарганы үчүн отставкага кетип, кылмыш жоопкерчилигине тартылышы керек.
Экс-президент Алмазбек Атамбаев прокуратурага кайрылып, министрге кылмыш ишин козгоону сураган. Эгер Башкы прокуратура милдеттерин аткарбаса, баш прокурорго кийинки баш прокурор тарабынан чаралар көрүлөт.
Экинчиден, премьер-министр Абылгазиев өкмөттүн мүчөсү мыйзамды бузуп жатканын билгенден кийин министрди өзү отставкага кетириши керек болчу. Ошон үчүн Абылгазиевдин отставкасын талап кылабыз.
Үчүнчүдөн, Жогорку Кеңеш - башкы мыйзам чыгаруучу орган. Мыйзамдардын аткарылышын көзөмөлдөө - депутаттардын милдети. Бирок Кодуранова менен Карамушкинадан башка эч бир депутат бул милдетин аткарбай жатат. Ошон үчүн Жогорку Кеңешти таркатууну талап кылабыз. Элдин үнүн укпаган парламент акчабызга жашабашы керек", - деди Турдукулов.
Ошондой эле митингчилер "Чимкирик парламент кетсин!", "КСДП Атамбаев менен!" деген кыйкырыктар менен бийликке нааразычылыгын билдиришүүдө.
Буга чейин Юстиция министрлигинин юридикалык жактардын электрондук маалымат базасында "Кыргызстан социал-демократиялык партиясынын" документине өзгөрүүлөр киргизилгени белгилүү болгон. "Жетекчинин аты-жөнү" деген жерде Атамбаев Алмазбек Шаршеновичтин ордуна Абдрахманов Сагынбек Үмөталиевич деп жазылган. Партиянын саясий кеңеши буга нааразы болуп маалымат жыйын өткөргөн.
18-апрелде экс-президент Алмазбек Атамбаев КСДПнын төрагасынын атын өзгөртүү боюнча Юстиция министрлигинин чечимин мыйзамсыз деп таануу керектигин айтып, өлкөнүн башкы прокурору Өткүрбек Жамшитовго кайрылуу жасаган.