Астротөлгө: 22-апрелде төрөлгөндөр жаратылыштын кооздугун баалаган адамдар болушат

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

22-апрелде төрөлгөн адамдар жашоодо өздөрүнө эмне керек экендигин так билишет. Туура максат коюп, көздөгөн ишине жете алышат. Жан дүйнөсү жаратылыштын кооздугун сүйүп, музыкага, искусствого жакын келишет.

Жасалмалуулукту жактырышпайт, табияттан берилген нерсени баалашат. Адамдарга бирдей мамиле жасашат. Андан сырткары эмгекчил келишет. Бардык ишти берилип, майын чыгара жасаганды жакшы көрүшөт. Алар үчүн жөн эле иштеш керек эмес. Кылган ишинин артынан кандайдыр бир деңгээлде өсүү керек. Коомчулукка пайдалуу инсан болууну көздөшөт. Ошол эле учурда бул күнү төрөлгөндөр уюштуруучулукка жөндөмдүү.

Сырдуу романтиктердин катарын толукташып, ишенимдүү түгөй боло алышат. Бийкеч жылдызындагылар менен жакшы мамиле кура алышса, тараза жылдызындагылар менен пикирлери келише бербейт. 30 жаштан өткөндөн кийин жашоого болгон көз караштары толугу менен өзгөрүп кетиши мүмкүн. Ушундай мезгилден өткөн соң, эгиздер жана букачарлар менен ой-пикирлери бирдей чыгышы ыктымал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан