Астротөлгө: 17-августта төрөлгөн адамдар ийгиликтүү болушабы?

17-августта төрөлгөндөр эмгекти сүйгөн адамдар болушат. Алар назик, ак көңүл, токтоо. Булар билимге көбүрөөк ыктагандыктан бардык маселелерди билими менен жеңгенге аракет кылышат. Кандай кырдаал болбосун ар бир ишке этияттык менен мамиле кылат.

Бул күнү жарыкка келген адамдар жоопкерчиликтүү, ишине так болгонго аракет кылышат. Кандай кесипти аркалабасын жумушун сүйүп, кесиптештери менен ынтымактуу иштегенди билет. Булар ийгиликтүү адамдар болгондуктан ар бир иштин майын чыгара аткарып анын арты менен ийгилик жарата алышат.

17 санынын алдында төрөлгөндөр жеке мамиледе абдан боорукер, ак көңүл, берешен ошол эле учурда талапчыл болушат. Алар ар дайым сүйүктүүсүн көзөмөлдөп турууну жактырышат. Эгерде өзүнүн чыныгы өнөктөшүн тапса, анда узак убакыт мамиле курууга даяр.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан