Астротөлгө: 17-декабрь күнү төрөлгөндөр коргоочу, багыт берүүчү мүнөзгө ээ болушабы?

Тектеш кабарлар: Астротөлгө (364 материал)

17-декабрь күнү чындыкты бетке айта билген, оптимист адамдар төрөлүшөт. Ар качан агынан жарылган шайыр, тайманбас жана чыдамкай болушат. Сыртынан бир мүнөз көрүнгөнү менен, аларды жоош деп айтууга болбойт.

Бул күнү жарык дүйнөгө келген адамдардын ой-чабыты күчтүү. Башкалардын абалын кабагынан туюп, дайыма жардам берүүгө ашыгат.

Табият аларга коргоочу, багыт берүүчү мүнөздөрдү берген. Жакыным деп эсептеген адамдарын эч качан сатып кетпейт, көчөдө калтырбайт.

Өтө ийкемдүү болуп бардык ишти жайгарып кетүүгө, бейтааныш адамдардын тилин оңой табууга эптүү болушат.

Бул күнү төрөлгөндөр көпчүлүктүн жүгүн көтөрүүдөн, жоопкерчилигин моюнуна алуудан коркпойт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан