Парламент комитетинде Ысык-Көлдө урандын казылышы боюнча өкмөт башчы позициясын билдириши керектиги айтылды

Депутат Жанар Акаев Ысык-Көлдө урандын казылышы боюнча өкмөт башчы позициясын билдириши керектигин айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

“Экология маселеси бүт дүйнөдө актуалдуу көйгөйгө айланды. Кыргыз мамлекетинде ботаникалык бакты митинг өткөрө турган жерге айландырып алышты. Бишкекте анча-мынча митинг өткөрүүгө жер сурап кайрылса, ботаникалык бакта өткөрүү сунушун беришет. Экологияга мындай мамиле кылган болбойт. Кыргыз өкмөтү Бишкектеги бузулуп калган парктарды караш керек. Ошол жерге үй салып алгандардын бардыгы чиновниктер, байлар. Алар “экология эмне болсо ошол болсун, эң башкысы менин үйүм бүтүп калса болду" деген түшүнүк менен жашагандар. Ошону менен катар эле уран боюнча дагы маселе турат. Туризм багытында Кыргыз мамлекети 2018-жылы кызмат көрсөтүүдөн 358 миллион доллар пайда тааптыр. Уранды иштетүүдөн 30 миллион доллар табат экенбиз. Туризм тармагына, элге зыян келип жатат. Биз 30 миллион доллар үчүн элди түйшүккө салып жатабыз. Эки күндөн бери эл ызы-чуу болуп жатат. Өкмөт түшүндүрүп да койгон жок, позициясын билбейбиз. Өкмөт башчы отчёт берерде позициясын айтып келсин”, - деди ал.

Буга чейин, 20-апрель күнү жергиликтүү тургундар "Кызыл-Омпол" уран кенин иштетүүгө каршылыгын билдирип митингге чыгышкан. Бүгүн да Боом капчыгайында митинг өттү. Өткөн аптада өкмөт алдындагы Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу боюнча мамлекеттик комитети Ысык-Көл облусундагы уран кени тууралуу түшүндүрмөнү жарыялаган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан