Укук коргоочу: "УКМК башыңдын үстүндөгү балтадай болуп турса, кимдин иштегиси келсин?"

Бүгүн, 22-апрелде Бишкекте "Мамлекеттик сатып алуу. Санариптештирүү. Улуттук коопсуздук" аталышындагы жыйыны өттү. Анда укук коргоочу Динара Ошурахунова УКМКнын ишин сынга алды.

Жыйындын жүрүшүндө жакында камакка алынган Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчисинин орун басары, статс-катчысы жана Инфоком ишканасынын жетекчиси кармалганына байланыштуу УКМК жүргүзгөн иштери талкууланды.

"Байланышы бар экен" деп эле камай беришсе, кимдин иштегиси келет? Качан иштөөгө шарт түзүлөт? Биз качан башка өлкөлөрдөй болуп алдыга умтулабыз? Азыркыдай шартта ким иштемек эле, баары качат да. Акыркы күндөрү УКМК башыбыздын үстүндөгү балтадай болуп калды", - деди Ошурахунова.

Жактоочу Канат Хасанов "ак ийилет, бирок сынбайт" деп кошумчалады.

"Камалгандардын бири өзүмдүн жакын инилерим болот экен. Алар сөзсүз чыгарылат", - деди ал.

Жыйынга коомдук активисттер, ишкерлер, укук коргоочулар жана паспорт бланктары боюнча камалгандардын туугандары катышышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
elchi84
2019-04-22 20:46:20
Силердин таанышынар болсо камалбасынбы жеген болсо жооп берсин .Качанга чейин ушинтебиз жеп жатат деп дагы айтсанар камагыла деп! Камаса бошоткула десенер иним болот болот деп ?Ошентип эле журо беребизби анда Ажого шылтоолоп коюп?
+1
Romantik.
2019-04-22 21:21:44
Жегичтерди кустурса өнүгөбүз да.
+1
zhaku2017
2019-04-22 21:28:32
УКМК Жээнбековторду калкалап туруучу орган болуп калган. Жээнбеков абийрдуу адам болсо озу биринчи мыйзамды сыйлап, эки жуздуу саясат жургузмок эмес. Азыр ГКНБ Жээнбековтун Раим миллионго окшогон ХХХХХ чара колдонбой жатканы коп неррсени айтып турат.
0
Kairat1996
2019-04-22 21:39:25
Жээнбеков УКМКга таянып, мыйзамды бузуу менен рейдерлик саясатын тымызын уюштуруп жатса кантип онолобуз. Эптеп журумткадан кыр издеп, конулуно жакпаган адамдын оокатын баскынчылык аркылуу тартып алып жатышат. Жээнбековтун тушунда онолот экенбиз десек, баары тетири кеттик.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан