Аламүдүн районунун прокуратурасы тарабынан Таш-Мойнок айылында мыйзамсыз жеке менчикке өткөрүлүп берилген жер тилкеси аныкталды. Бул тууралуу аталган мекемеден маалымдашты.
Маалым болгондой, 1998-жылы аянты 0,54 гектар болгон жер тилкеси "К" компаниясынын жеке менчигине мыйзамсыз өткөрүлүп берилгени белгилүү болгон. Прокуратуранын чара көрүүсүнүн натыйжасында баасы 70 миллион 540 миң 200 сомду түзгөн жер тилкеси мамлекеттин карамагына кайтарылды.