Биз социалдык тармакта

Ош шаарында жаңыланган социалдык мекеменин ачылышы болуп өттү

Бүгүн, 2-ноябрда Оштун мэри Жанар Акаев Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык башкармалыгына барып, капиталдык оңдоодон өткөн имараттын абалы менен таанышты. Бул тууралуу мекеменин басма сөз кызматы билдирди.

"Иш сапардын жүрүшүндө шаар башчысы мекеменин кызматкерлери менен жолугушуп, алардын ишмердүүлүгү, эмгек шарттары жана калкка көрсөтүлүп жаткан кызматтар тууралуу пикир алышты. Мэр эмгек шарттарды жана жарандарды тейлөө сапатын жакшыртуу, кызматтарды санариптештирүү боюнча сунуштарын айтты. Ошондой эле калкты социалдык жактан колдоп, кызматкерлердин аткарып жаткан ишинин маанилүүлүгүн белгилеп, ак ниет эмгеги үчүн ыраазычылык билдирип сертификаттарды жана айрым жарандарга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрдү тапшырды",- деп кошумчалады мекеме.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан