Жогорку Кеңештин комитетинде ботаникалык бактагы көйгөйлөр тууралуу айтылды

Бүгүн, 22-апрелде Жогорку Кеңештин комитет жыйынында ботаникалык бактагы көйгөйлөр тууралуу айтылды. “Ботаникалык бакта 4 лаборатория бар. Жалпы 64 адам иштейт. Илимий кызматкерлер жетишсиз. Ошондой эле атайын техникалар жок. Өкмөт ботаникалык бакты өнүктүрүү үчүн каражат бөлүнө турганын билдирген. Бирок бөлүнгөн жок”, - дейт ботаникалык бактын директорунун милдетин аткаруучу Гүлайым Донбаева.

Депутат Улугбек Ормонов ботаникалык бакка тосмо орнотуу үчүн жана атайын техникаларды сатып алууга өкмөттөн каражат бөлүп берүүнү суранды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан