Мадумаров: "Ысык-Көлдө уран казууга каршы чыккандарды 100 пайыз колдойм"

Саясатчы Адахан Мадумаров Ысык-Көл облусунда уран кенин казууга каршы экенин билдирди. Анын айтымында, өлкөдөгү кен байлыктардын баарын кийинки муундарга калтырыш керек.

"Советтер Союзу мезгилинде Майлуу-Суудан уран алып, калдыктарын катуу бекиткендигине карабастан бир нече жылдан кийин ачылып кеткен. Бул маселе оор. Ошондуктан Ысык-Көлдөгү уран казууга каршы чыккан элдин талабына 100 пайыз кошулам", - деди саясатчы.

Мадумаров уран чуусу чыкканына өкмөттү күнөөлөдү. "Биринчиден, өкмөт "уран кени боюнча комиссия түзүп бердик" дейт. Анын курамына урандын зыяндуулугун билбеген дыйкандар, жылкычылар, малчылар киргизилиптир. Экинчиден, Илимдер академиясы эмне кылып жатат? Адистер айтыш керек да. Комиссияны туура түзө албаган өкмөт жыргата алабы?" - деди Мадумаров.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан