Саясатчы Адахан Мадумаров: "Украинада элдин тандоосу жана каалоосу биринчи кезекке коюлду"

Украинанын жаңы президенти болуп Володимир Зеленский шайланды. Украина менен Кыргыз Республикасы чектеш мамлекеттер болбосо да, эгемендик тарыхында окшош саясий жана коомдук көйгөйлөрдү башынан кечирүүдө: эки төңкөрүш, коррупциянын жогорку деңгээли, бөтөн жерде эмгектенген мигранттары, бийликтен көңүлү калган эли.

SUPER.KG порталынын "Украинада Володимир Зеленскийдин шайлоодо жеңиши Кыргыз саясатына кандай таасир этиши мүмкүн?" деген соболуна саясатчы Адахан Мадумаров төмөнкүдөй жооп берди.

Анын айтымында, Украинадагы шайлоонун жыйынтыгынан кыргыз эли сабак алыш керек. "Украинада элдин пикирине сурамжылоо жүргүзгөндө, "72 пайыз эл Зеленскийди колдойт" деп чыкты. Борбордук шайлоо комиссиясы чыгарган жыйынтыгы да 72 пайыз болду. Биз ушуну үйрөнүшүбүз керек. Бизде болсо дайым карасаң, сурамжылоодо Мадумаров 60 пайыздан кем алып көрбөйт да, ал эми БШК артындагысын жоготот да 6 пайыз кылып жиберет. 7 пайыз тосмо болсо, 6,85 пайыз кылып коёт. 5 пайыз тосмо болсо, 4,75 пайыз кылып коёт. "4 добуш жетпей калды" дегендей кылып коёт. Бул арамдык, арамзалык.

Украинада элдин тандоосу жана каалоосу биринчи кезекке коюлду. Туура же туура эмес тандадыбы - бул экинчи маселе. Бирок эл кандай тандап алды, ошону көрсөтүштү. Биз дагы ошого үйрөнүшүбүз керек. Шайлоо эмес тандоо болду. Алар тандады, а бизде дайындап койду. Ушу менен айырмаланабыз", - дейт Мадумаров.

Жогорку Кеңештин депутаттары Исхак Масалиев, Дастан Бекешев, КСДПнын саясий кеңешинин мүчөсү Адил Турдукулов, саясат таануучу Орозбек Молдалиев, саясий серепчи Нурсултан Акылбектин пикири төмөнкү шилтемеде.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан