Чек ара кызматы: "Тажик жараны 9 жаштагы Кыргыз жаранын Ворух анклавына алып өтүп, милицияга берип койду"

22-апрелде Баткен облусунда Кыргыз-Тажик чек ара аймагында жергиликтүү тургундардын ортосунда жаңжал чыкты. Буга Тажик жараны 9 жаштагы Кыргыз жаранын Ворух анклавына алып өтүп, милицияга берип койгону себеп болгон.

Кечээ кечки саат 8:50 чамасында Тажикстандын жараны 2010-жылы туулган К.уулу Ш. аттуу Кыргыз жаранын Ворух анклавына алып өтүп, Тажикстандын укук коргоо органдарына өткөрүп берген. Ал кичинекей бала экскаваторунун айнегин сындырып койгонун айткан. 30 мүнөттөн кийин Тажик тарап аны Кыргыз тарапка өткөрүп берген.

Окуяга байланыштуу 60ка жакын жаран Ак-Сай айылына чогулуп калышкан.

Чек ара кызматынын маалыматы боюнча Кыргыз-Тажик чек арасында 23-апрелге карата абал туруктуу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Omush94
2019-04-23 13:43:31
Кыйратыш кк
0
munar1980
2019-04-23 14:51:49
Ошол тажик эшекти бала урдоо менен камап салгыла тем более кыргызстандын жараанын алып кирип кеткен тажикстанга
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан