Орусияда 10 саат тынымсыз иштегенден кийин каза болгон Кыргыз жаранынын окуясын Эмгек инспекциясы текшерет

Орусияда 10 саат тынымсыз иштеп каза болгон Кыргыз жаранынын окуясынан кийин Эмгек мамлекеттик инспекциясы текшерүү жүргүзөт. Мекеме маркумдун өлүмү жумушуна байланыштуубу же кокустукпу иликтей турганы маалым болду. Бул тууралуу Фонтанка басылмасы жазды.

"Эгерде "Яндекс еда" тамак-аш жеткирүү кызматында иштеген Артык Орозалиевдин эмгек нормативдеринин сакталбаганынан улам көз жумганы аныкталса иш "эмгекти коргоо талаптарын бузуу" беренеси боюнча каралат. Эгер бул берене менен күнөөлүү деп табылса, айыпталуучу тарап 4 жылга кесилиши мүмкүн", - деп жазат басылма.

Кыргыз жараны Артык Орозалиев 10 саат иштегенден кийин велосипединен кулап 16-апрелде көз жумган. Экспертизадан маркум жүрөк оорусунан улам каза болгон деген жыйынтык чыккан.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан