"Алга" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу кызматынан кетти

Кыргыз Премьер-лигасында ойногон "Алга" футболдук клубунун башкы машыктыруучусу Руслан Сыдыков кызматынан кетти. Бул тууралуу клубдун басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, Сыдыков бишкектик клубдун машыктыруучусу катары 31 беттеш өткөргөн.

"Бүгүн, 23-апрелде клубдун башкы машыктыруучусу Руслан Сыдыков өз эрки менен кызматынан кетүү арызын жазды. Ал башкы машыктыруучулукка 2018-жылдын башында дайындалып, жалпы 31 оюнда 14 жолу жеңишке жетишип, 7 жолу жеңилүү ызасын тарткан. Дагы 10 беттеш тең чыгуу менен аяктаган.

Клубдун жетекчилиги жана оюнчулары Руслан Сыдыковго ийгиликтерди каалайт", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан