Оштун борбордук Сүйүмбаев стадионунда оңдоо иштери бүткөндөн кийин отургучтардын бир бөлүгү дээрлик жерге жайгашып калган. Ош шаардык мэриясынын басма сөз катчысы Азамат Абсаттаров тротуарды тегиздөөдөн улам ушундай абал жаралганын айтты.
"Мурда отургучтар ыңгайлуу абалда эле жайгашкан болчу. Стадиондо оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүп, отургучтарды орноткондон кийин тротуардын баш-аягы бирдей болушу үчүн түздөп чыгыш керек болду. Жерлер оюлуп кеткен эле. Тегиздеп чыкканда отургучтардын абалы ошондой болуп калды. Бүгүн ошол отургучтарды башка жакка жылдыруу боюнча тапшырма берилди. Дагы каражат сарпталарын айтып жатышат. Жылдырууга каражат кетпейт", - деди Абсаттаров