Орусиялык белгилүү ашпоз, чыгыш ашканасы тууралуу бир нече китептердин автору жана теле алып баруучу Сталик Ханкишиев Бишкектеги ресторандардын бирине болгон нааразычылыгын социалдык тармактагы баракчасына жазды. Ага ылайык, ага маалымдалбай эле анын сүрөтү менен даярдалган афишанын алдындагы билдирүүдө билеттердин сатылып жатканы жазылган.
"Мени Бишкеке чакырышты. Ал жакта "Казан-Мангал" фестивалы өтмөк экен. Май айларындагы майрамдарды үй-бүлө менен белгилөөнү каалагандыгыма карабай макул болдум. Эми капыстан эле интернеттен Бишкектеги бир ресторан ошол жакка мени келет деп жазып, мени менен сүрөткө түшсө боло тургандыгын белгилеп билеттерди сатып жатканын билип калдым.
Афишаны көрүп, ооба, чыгармачылык кече болмок деп ойлодум. Баргандан кийин Ысык-Көлгө кетмекпиз, бул ортодо билеттер сатылып жатканын көрүп, токтоткула дедим. Уюштуруучуларга ушуну менен биздин достугубузга чекит коюлганын айттым. Уят", - деп жазган ал.
SUPER.KG порталы Ханкишиев илген афишадагы номерге байланышканда Кыргыз өлкөсүнүн ашпоздор ассоциациясында иштейм деген адам жооп берип, учурда бул маселе талкууланып жатканын айтты.
Андан кийин аталган ассоциациядан Андрей Буренко аттуу ашпоз байланышка чыгып, кандайча мындай абал жаралганын түшүндүрдү.
"Ал бизди абдан катуу капа кылды. Биз ал менен сүйлөшкөндө кулинарияга кызыккан күйөрмандарына мастер-класс өткөрүп бериңиз деп сүйлөштүк. Ал кайсы бир азык-түлүктөр керек экенин айтты, биз баарын даярдай турган болдук, иш-чара ресторандардын биринде өтмөк. Анын катталуучулары аябай көп да, миң киши келе турган болсо биз аларды кайсы жерге батырмак элек. Ошондуктан жөн гана 30 билет даярдалып, кимдин жолу ачылса ошол билетке ээ болот деп утушка койгонбуз. "Билет сатылат" деген жазуу, баасы жок болчу.
Сталик Ханкишиев муну туура эмес түшүнүп, бизге "токтоткула, мен эч кандай кечеге катышпайм" деп жазып, биз менен интернеттеги байланышты үзүп койду. Чынында эч кандай коммерциялык максатты көздөгөн эмеспиз. Анын ашпоздук жөндөмү бийик, көбүнө кызык, бул кесипти даңазалоону каалаган ассоциация катары жолугушуу уюштурууну көздөгөнбүз.
Биз өзүбүз шаардын ресторандарында ашпоз болуп иштейбиз. Азык-түлүктөрдү бул жактагы ашпоздор акча чогултуп сатып алууну пландап, кечени уюштурууну каалап жатканбыз.
Ошентсе да биз ага таарынбайбыз, жамандабайбыз. Эгер эми деле келем десе биз кубанычта болобуз, анткени ашпоздор үчүн ал тажрыйбалуу кулинар. Аябай ачуусу чукул адам окшойт, абалды түшүндүргөнгө да мүмкүнчүлүк берген жок. Ал үчүн бир нече эс алуу жайларына билеттерди алып койгон болчубуз, бирок баары биз ойлогондой болбой калды", - деди ал.
Андан кийин Ханкишиев бул теманы жабуу ниетим менен деп кенен пост жазды. Анда ал билеттер 1000-2000 сомдон сатылат деп жазылып турганын көзү менен көргөнүн белгилеп, уюштуруучуларды калп айтпоого чакырган. Конокко чакырып, артыңдан акча жасоо - бул туура эмес деп эсептей турганын кошумчалап, "Бишкекке келбей калганымды пландары өзгөрүп кетиптир, ден соолугу жакшы эмес экен, колу бошобой жатыптыр деп эсептеп коё бергиле", - деп жазган.