Депутат премьер-министрди мактоо жана кошомат сөздөрдөн алыс болууга чакырды

Депутат Мирлан Жээнчороев премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиевди мактоо жана кошомат сөздөрдөн алыс болууга чакырды. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

"Мактоо жана кошомат сөздөрдөн алыс болуп, реалдуу иштер тууралуу айтып берсеңиз. Эл аралык рейтингдерде өкмөткө болгон ишеничтер жакшырды деп айттыңыз. Азыркы курамдын кандай эмгеги бар экенин атап берсеңиз", - деп депутат өкмөт башчыга кайрылды.

Премьер-министр эл аралык рейтингдин жыйынтыгын алар чыгарбай турганын эскертти. "Эл аралык институттар бар. Өздөрү биздин макроэкономикалык көрсөткүчтөрдү алып, элден сурамжылоо жүргүзүп, ошол менен жыйынтык чыгарат. Мен мактоодон алысмын, анын артында жоопкерчилик бар. Өкмөттүн эң биринчи кадам таштаганы 2017-жыл менен 2018-жылдын бюджетин карап көрүңүз", - деди өкмөт башчы.

Абылгазиев азыркы өкмөттүн курамынын эл аралык рейтингдердеги эмгеги тууралуу айта алган жок.

Жээнчороев: "2018-жылы декабрь айында эл аралык уюм ишеним боюнча сурамжылоо жүргүзүп, өкмөткө 1 пайыз баа берип жатат. Бул өкмөткө берилген баабы же сизге берилген баабы?" - деп сурады.

Өкмөт башчы кандай кырдаалда берилгени боюнча таанышып чыгышы керектигин айтты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан