2018-жылы Кыргыз мамлекетине 7 миллионго жакын турист келген. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев билдирди.
"Туризм өлкөнү өнүктүрө турган олуттуу тармак экенин тастыктады. Өлкөгө келген ар бир турист – потенциалдуу инвестор. 2018-жылы Кыргыз мамлекетине 7 миллионго жакын турист келген. Туризмдеги ички дүң продукциянын көлөмү 5 пайызды түзүп, 27 миллиард 8 миллион сомго жетти. Өкмөт тарабынан 2023-жылга чейин туризмди өнүктүрүү программасы менен иш-чаралар планы бекитилди. “Кыргыз туризм” мамлекеттик мекемеси түзүлдү. БУУнун Эл аралык туристтик уюму тарабынан Кыргыз мамлекети 2019-жылга карата дүйнөнүн жагымдуу туристтик 5 өлкөсүнүн катарына киргизилди. Кыргыз өлкөсү “Ачык асман” саясатын кабыл алдык. Бул биздин экономикабыздын өнүгүүсүнө чоң импульс берет. Инвестициялар, туризм, дүйнөлүк рынокторго жол ачылып, соода жүгүртүүбүз көбөйөт", - дейт Абылгазиев.