Өкмөт башчы былтыр канча аткаминер кызматтан бошотулганын айтты

Өкмөт башчы Мухаммедкалый Абылгазиев канча аткаминер кызматтан бошотулганын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңешке отчёт берип жатып билдирди.

"Бүгүн биз ишибиздеги кемчиликтер туурасында ачык эле айтып жатабыз. Жыл ичинде ар түрдүү рангдагы жоопкерчиликсиз жетекчилерден арылдык. 6 министр, 13 жетекчи, 13 аким кызматтан бошотулду. Жетекчилерди жаңы критерийлер менен тандоо керек болуп турат", - деди ал.

Мындан тышкары премьер-министр калктын ишеним индекси 0,6 пайызга төмөндөгөн. "Бирок бул мыйзам ченемдүү жана объективдүү процесс. Бул көрсөткүчкө өкмөттүн пиар менен алектенбей, тынымсыз иштей бергендиги таасирин тийгизди деп ойлойбуз", - деди Абылгазиев.

Премьер-министр: "Өкмөт тынымсыз иштеди"
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан