Мектептеги акча чогултууга каршы ата-энелер акция уюштуруп, Ак Үйдүн алдына чыгышты

Мектептеги акча чогултууга каршы айрым ата-энелер Ак Үйдүн алдына акцияга чыгышты. Акцияга чыккандар - Чүй облусунун Новопавловка айылындагы Чыңгыз Айтматов атындагы лицейдин окуучуларынын ата-энелери. Алар лицейдин директору Диляра Абдуллаевадан чогултулган акчанын так эсебин жана эмнеге жумшалып жатканын талап кылышты. Ошондой эле ата-энелер директорду кызматтан бошотуусун суранышты.

Акцияга чыккандар менен билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова жолугушту.

"Лицей мамлекет тарабынан каржыланат. Бирок мындан 15 жыл мурда ата-энелер өз ыктыяры менен фонд түзүшкөн. Кийин нааразычылыктар боло баштаганда директор ата-энелер менен чогулуш уюштуруп, лицей үчүн ачылган фонд керекпи, кереги жокпу өзүңөр чечесиңер деп айтыптыр. Фондду ата-энелер карайт, чогулган акча кайда жана эмнеге жумшалып жатканын өздөрү билиши керек болчу. Учурда атайын комиссия түзүлүп, текшерүү жүрүп жатат", - дейт Жусупбекова.

Акциянын аягында лицейдин директору кызматынан бошотулганы айтылды. Ал эми лицейдин фондуна кирген ата-энелерге өз каалоолору менен фонддон чыгуу сунушталды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Avrora2017
2019-04-24 13:14:50
Tуура кылышат токтотуш керек акча чогултканды мектептерден, башка мамлекеттерде жок мындай нерсе мамлекетт каржылаш керек окучулар эмес, жаман кынык алып алышканда биздикилер. Маянасын которуп коюшса жакшы болмок мугалимдердин шумшундотуп акча чогултурбай андан жешетда левый , аны жасадык муну жасадык демиш болуп, потому что маяналары аз и везде ушундай шабашка кылмай, народ голодный бизде
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан