Парламентте быйыл 5 катмардагы билим берүү кызматкерлеринин маянасы көбөйтүлө турганы айтылды. Бул тууралуу бүгүн, 24-апрелде Жогорку Кеңештин жыйынында билим берүү жана илим министри Гүлмира Кудайбердиева билдирди.
"Быйыл 5 катмардагы кызматкерлердин маянасы көбөйтүлөт. Алардын арасында 77 миң 860 мугалим, 4 миң 694 тарбиячы, 3 миң 680 өндүрүш устаты, 7 миң 427 орто окуу жайынын окутуучусу, 23 миң административдик кызматчылар бар", - дейт министр.
Депутат Таабалды Тиллаев бюджетте Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысын көтөрүүгө 256 миллион сом өлчөмүндө кошумча каражат каралганын эске салып, бирок алардын маянасы азыркыга чейин көтөрүлө электигин белгиледи.
Премьер-министр Мухаммедкалый Абылгазиев Улуттук илимдер академиясынын кызматкерлеринин эмгек акысы апрель айынан тарта 30 пайызга көбөйтүлө турганын билдирди.